Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майды Орусиядан нарк салыгысыз алып келүү боюнча келишим түзүлөт

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 685 | 0

Орусиядан күйүүчү майды Кыргызстанга кошумча нарк салыгысыз алып келүү боюнча келишимге жакында кол коюлат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинен маалымдашты.

Октябрь айында аталган комитет менен Орусиянын Энергетика министрлигинин ортосунда сүйлөшүү орун алган.

Акыркы келишимдин негизинде 3-августтан тарта 50 миң тонна мунай, 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель отуну жана 100 миң тонна реактивдүү кыймылдаткычтын майын нарк салыгысыз алып келүү каралган.

Орусия тарап талапка жараша көлөмдү көбөйтүү боюнча маселени кароо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.

21-ноябрда мамлекеттик комитет мунайды нарк салыгысыз алып келүү боюнча баланска кол коюуга даяр экенин Орусияга кабарлаган. Бир канча күндөн кийин комитеттин жетекчилиги Москвага барып, аталган документке кол коюлары да кабарланды.

Белгилей кетсек, Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майларды Орусиядан нарк салыгысыз алып келүү боюнча келишимге кол коюлбаса, майдын баасы кымбаттай турганын “Маралга” билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM