Биз менен байланышыңыз

Парламент депутатынын бир тууган иниси Кытайда камалды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 1714 | 0

Белгилүү кытайлык тарыхчы Аскар Жунус уулу Кытайдагы саясий кайра тарбиялоо лагерлерине камалган этникалык кыргыздардын арасында. Бул тууралуу Free Asia эл аралык радиосунун сайтына жарыяланды.

Аскар Жунус уулу Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулунун бир тууган иниси экени маалым болду.

49 жаштагы Аскар Жунус уулу Шинжаңдагы Социалдык илимдер академиясынын Тарых изилдөө кафедрасынын илим изилдөөчүсү болуп эмгектенчү. Аны аталган саясий лагерге өткөн айда алып киришкен. Басылмага маек берген атын атабаган кесиптеши илимпоздун камалуусунун себебин айтышпай жатканын, анын эркинен ажыроосу негизсиз болгонун билдирген.

Аскар Жунус уулунун камалуусу анын жигердүү илимий ишине байланыштуу экенин божомолдоо кыйын эмес экенин айтышат серепчилер. Анткени ал 26 жылдан бери Шинжаң аймагынын тарыхы, кыргыз элинин тарыхы тууралуу көптөгөн илимий эмгектерди жергиликтүү жана эл аралык басылмаларга жарыялап келген. Анын эң акыркы жарыялаган Кыргыз элинин тарыхындагы алтын доор тууралуу бир нече макаласы жана китеби анын камалышынын түздөн-түз себептери болгону айтылууда.

Кытайдагы бир нече илимий борборлордун жана комитеттердин мүчөсү болгон Аскар Жунус уулу XIX кылымдагы кыргыз жана кытай тарыхын, алардын мамилесин жана Шинжаң аймагына тийгизген таасири тууралуу кырктан ашуун макала жана бир нече китептерди жазып, эки коңшу өлкөнүн достук жана ынтымагына салым  кошкон атуулдардан экенин кыргыз интеллигенция өкүлдөрү да айтып жүрүшөт.

Учурдагы Шинжаң бийлигинин башка этникалык азчылыктардын өзүнүн тарыхый жана улуттук баалуулуктарын жашоосуна мүмкүнчүлүк бербей, «кытайлаштыруу» саясатын баштагандан тарта бир катар этникалык кыргыз агартуучулары саясий кайра тарбиялоо лагерлерине камалганы маалым болгон.

Copyright © 2017 Maral FM