Биз менен байланышыңыз

Шаршеев: Системалык ката жоюлмайын бюджет оң натыйда бербейт

Күн чекит | 1 Дек 2018 | 794 | 0

2019-жылдын бюджетин Жогорку Кеңеш үч окууда карап жактырды. Анда депутаттар былтыркыга салыштырмалуу өзгөчөлүктөрдүн бар экенин белгилеп жатышат. Эми айтылган бюджет канчалык иш жүзүнө ашат? Бул тууралуу «Күн чекит» программасында экономист Искендер Шаршеев айтып берди.

Искендер мырза парламенттин сынынан өткөн бюджеттин долбоору менен сиз дагы тааныштыңыз. Кайсы өзгөчөлүгүн айта аласыз?

Бул бюджет өтүп бараткан жылдарга караганда, буга чейинки каталар эске алынып кабыл алынгандай.Анткени мурунку бюджеттерди карасак,өнүгүү үчүн резервдик фонддордүун үлүшү абдан аз болчу. Бирок айрым кемчиликтер дагы жок эмес. Бюджет эч качан кирешеден чыгаша ашпай тургандай жасалышы керек. Бирок бизде дагы деле мындай саясат баштала элек.Эгер иш ушул тартипте жүрсө, бюджетте тартыштык болмок эмес. Экинчиден былтыркы жылдан көп каржы келип түшө турган болсо, тышкы карызга жумшалса туура саясат жүрмөк. Дүйнөдө көп өлкөлөр ушул тартип менен карыздарын азайтып, ички улуттук долбоорлорун өнүктүргөн.Б үгүн биздин киреше менен чыгашанын ортосунда баланс жок. Көп учурда сакталбайт. Мисалы 2019-жылдын бюджетин карасак деле, чыгаша 180 млрд сом, киреше 160млрд сомдун тегерегинде. Бул сандар бюджет баягы эле эски принцип менен түзүлүп калганын көрсөтүп турат.

Келээрки жылдан тарта министрлик менен мекемелерге өз бюджеттерин башкаруу укугу берилет деп жатат. Бул канчалык эффективдүү жыйынтык берет?

Биздин өлкөбүздө системалык ката бар. Ал өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң бөгөт коюп келет. Системалык ката-бул жеке сектор чече алчу ыйгарым укуктарды мамлекет өз колуна топтоп алгандыгы. Муну эске алганда ведомстволордун өз бюджеттерин башкарганы туура. Бирок мамлекеттик мекемелердин саны көп болгондуктан коррупциялык тобокелдиктер сөзсүз чыгат.Коррупция маселесин чыгарбаш үчүн өзүнө каратып алган иш чараларды тапшырып берип, мамлекеттеги аппарат кыскарышы керек.     

Бюджеттеги дагы бир өзгөчөлүк жергиликтүү бюджеттерге калчу каражаттар.Буга чейин 50 пайыз болсо, эми аны 70 пайызга жогорулатуу планы көрсөтүлгөн. Муну менен жергиликтүү бюджет кандай пайда табат? Бирок ошол эле кезде  республикалык бюджетке зыян алып келбейби?

Бүгүнкү күнү борбордон алыскы администрациялардын көбү супсидияда отурат. Мисалы Бишкек, Чүйдө салыктар жыйналып, калган аймактарга колдоо ирээтинде таратылат. Бул даяр оокатка элди көндүрүп салды. Айыл өкмөттөр каражаттарды жакшы башкара албай келет. Бирок дал ушул ыкма менен аларды өзүн-өзү каржылоого үйрөтүү абзел.  

Азыр айтылып жаткандай бюджеттин аткарылышы канчалык реалду?

Жылдан-жылга эле кайсы бир бөлүктөгү тартыштык жана аны кыскартуу иш чаралары менен бюджеттер пландаштылып аткарылып келе жатат. Дагы деле ошондой эле болот деп эсептейм. Бирок мен келечекте бир гана нерсени күтөөр элем. Бул структуралык каталарды жок кылуу.

-Маегиңизге рахмат!

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM