Биз менен байланышыңыз

Адилет Азимов:» Гүлнур Сатылганова 1500$ санап берген»

«Желе шоу» программабыздын кезектеги коногу эстрада ырчысы Адилет Азимов болду. Ал эфир учурунда биздин оюндарга активдүү катышып, кызыктуу маек куруп, жана убагында аны Гүлнур Сатылганова колдоп, клиптин чыгымын өзү көтөргөндүгүн айтып берди.

«Өзүңүздөр билгендей эле биз Гүлнур Сатылганова экөөбүз «Болсочу» аттуу ырды дуэт ырдап чыкканбыз. Негизи бул ырды мен Гульнур эжеге өзүм сунуштагам. Мен айтаарым менен эле дароо кубануу менен кабыл алды. «Албетте азыркы жаш таланттууларды көтөрүш керек, таланты бар адамды алып чыгыш керек» деп мени колдоду. Ыр элге абдан жаккандыктан клип тартууну туура көрдүк. Ошол клиптин чыгымын 1500$ ды клипмейкерке Гүлнур эже менин көзүмчө санап берген. Мен ошондо аябай ыраазы болуп, ушунчалык жүрөгүм жылып калган. Ушундай жаш таланттарды колдоп клиптин чыгымын өзү көтөргөндүгү мени колдогону абдан кубандырган. Ошондон улам көрсө адамдарды ушинтип колдош керек турбайбы деген жакшы ой пайда болду»— дейт талантуу ырчы Адилет Азимов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM