Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны Олжас Сулейменовго ыйгарылды

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 534 | 0

Жогорку Кеңеш тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды. Бул тууралуу парламентин басма сөз кызматы билдирди.

29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйыны өттү. Ага парламенттин төрага орун басары Асел Кодуранова катышты.

«Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум эле. Ал бир гана жазуучу эмес, көрөгөч, даанышман болчу. Ушундай улуу адамдын атындагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн чоң сыймык»,-деди Сулейменов.

2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык адабият жаатында ийгилик жараткан инсандарга ыйгарылат. Кыргызстандан бул сыйлыкка эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM