Биз менен байланышыңыз

Федерика Могерини Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 468 | 0

2019-жылы Кыргызстанга Евробиримдиктин  тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан билдирди.

Анын айтымында, келерки жылы Кыргызстанда Борбордук Азия жана Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин отуруму өтөт. Ага Могерини катышат.

Петер Буриан мындан тышкары, Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтык боюнча жаңы келишиминин 90 пайызы даярдалганын кабарлады.

Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан 2 күндүк расмий визити менен Кыргызстанда. Ал Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM