Биз менен байланышыңыз

3-10-декабрда акысыз укуктук кеңеш берилет

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 549 | 0

Юстиция министрлиги акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасын өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору Акжол Калбеков билдирди.

3-10-декабрында өтүүчү декаданын алкагында өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардам берилет. Жарандар ал үчүн аймактык юстиция башкармалыктардын алдындагы  калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлорго, мамлекеттик нотариалдык кеңселерге, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор, айрым укуктук жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар, ЖОЖдордогу юридикалык клиникаларга кайрыла алышат.

Иш-чаранын максаты – калктын аярлуу катмарларын укуктук жактан  корголушун камсыздоо болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM