Биз менен байланышыңыз

Парламент өкмөттүн 2019-жылга бюджетин жактырды

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 661 | 0

Парламент депутаттары өкмөттүн 2019-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбоорун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн мүчөлөрү тааныштырды. Жыйын кечки саат 22.00гө чейин уланды.

2019-жылдын бюджети 151 миллиард 454 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 161 миллиард 710 миллион сомду түздү. Бюджеттин тартыштыгы 10 миллиард сомго жетет.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 520 миллиард 900 миллион сомду түзгөн. Ал эми экономиканын өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде пландалган, анын иш жүзүндө 4,6 пайыз өсүш болгон.

Ал эми 2018-жылдын жаӊыртылган бюджетинин долбооруна ылайык, өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 558 миллиард 400 миллион сомду түзгөн.

Мындан тышкары 2019-жылы өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 4 пайыздын тегерегинде боло турганы белгилүү болду. Республикалык бюджеттин 60 пайызы социалдык багытта жумшала турганы айтылды.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM