Биз менен байланышыңыз

Эми «Айсаана» аттуу жаңы жылдыз жанат

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 29 Ноя 2018 | 832 | 0

Айтылуу Ордо сахна» этно-фольклордук театрынын мурунку солисти, азыр «Мурас» фольклордук ансамблинин солисти Айсаана Оморова эми жеке ырчы болот.

Учурда Айсаана Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын вокал факультетинде 2-курста окуп жатат. Мындан улам жеке ырчы катары чыгууну чечкендигин кабарлаган. Алдыда, эстрада жана элдик ырларды ырдоо максаты бар. Айсаана Оморова буга чейин бир нече обондорду жазып жүргөндүгүн жана азыр ошол обондоруна ыр жаздыруу менен алектенип жатканын билдирген. Муну менен ал «Мурас» фольклордук ансамблинен кетпей эле, ошол топ менен чыгармачылыгын улай берээрин айтты. Айсаана Оморова 6 жашында комуз чертип, Кенже Кубатова менен Зайнидин Иманалиев жетектеген «Жаш тилек» ансамблинде окуган. 2012-жылы «Устат-шакирт» долбооруна келип, ооз комуз, жыгач комуз черткенди үйрөнгөн. Андан кийин «Ордо сахнага» келип, ал жакта 5 жылдай иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM