Биз менен байланышыңыз

Грузиядагы шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңишке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 715 | 0

Грузиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Саломе Зурабишвили жеңишке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт.

Зурабишвили добуштардын 59,5 пайызын алса, оппозициялык талапкер Григол Вашадзе шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгынын колдоосуна ээ болду.

Шайлоонун экинчи айлампасы 28-ноябрда өткөн, ага жарандардын 56% катышты. Зурабишвили өлкөдөгү ири шаарлардын дээрлик бардыгында жеңишке жеткен.

Эске салсак бул шайлоо Грузиядагы акыркы түз добуш берүү болуп саналат. Мындан ары 300 кишиден турган атайын делегат президентти 6 жылга шайлайт.

Copyright © 2017 Maral FM