Биз менен байланышыңыз

АРИСтин жаңы жетекчиси долбоорлорду ишке ашыра алабы?

Күн чабыт | 29 Ноя 2018 | 1599 | 0

«Ала-Тоо булагы» программасы баш болгон бир катар долбоорлор үзүлтүккө учуроо коркунучу бар экени айтылып келди эле. Ага АРИСке жаңы дайындалган аткаруучу директорго ишенбөөчүлүк көрсөткөн кызматкерлер көп болуп, жумуштан кеткендердин саны өсүп жатканы себеп болгон . Анын айынан эл аралык донорлор каражат бөлүүнү токтотоору кабарланган. Мындан улам Бекполот Айтиев кызматтан бошотулуп, анын ордуна 14-ноябрда Бекжан Супаналиев аткаруучу директор болуп дайындалды. Эми маселеге чекит коюлабы? АРИСтин байкоочу кеңешинин мүчөсү Анара Дауталиева менен маектештик.

-Аристин тегерегинде абдан чоң интрига жүрүп, нааразычылктар болуп келген. Эми жаңы жетекчинин келиши менен ушунун баарына чекит коюлабы?

-Ызы-чуу бир аз токтоду. Бирок, көйгөй толук чечиле элек. Жаңы жетекчи 15-ноябрда дайындалып, ага 26-ноябрга чейин мөөнөт берилген. Эми аны жогору жактан башкаруу кеңеши макулдук берип, толук кандуу ишке кириши керек. Биздин президенттик аппарат Бекжан Супаналиевге ишенип көрсөтүп дайындады. Ал жигит бул тармакта иштеген, АРИСтин кухнясын билген жигит экен.  Эми ал донорлор койгон талаптарды аткарышы абзел. Азырынча жыйынтыгы эмне болгону тууралуу так маалымат жок. Башкы донор катары Дүйнөлүк банк турат эмеспи. Декабрь айында алар таза суу долбоорун колдоо боюнча кандай иштер аткарылып жатканын көрүү үчүн бизге келишет экен. Мына ошого чейин абал жөнгө салынышы шарт. Ал үчүн долбоорлорду жазып келген 11 негизги менеджерге кайрадан тендер жарыялап, ишти аягына теирэкк чыгаруу керек.

-Бүгүнкү күндө АРИС аркылуу келип жаткан кандай негизги ири долбоорлор бар?

Жалпы азыр 11 долбоор иштеп жатат. Жайыттар, аймактарга инвестиция, бала бакча, ФАП, мектеп салуу. Алардын катарында эң чоң долбоорлордун бири таза суу менен камсыздоо.

Мунун баарынын наркы канча эле.  канча каражат токтоп турган?

-Дүйнөлүк банктын 108 млн доллары токтоп турат. Анын 45 пайызы гант ,ал эми 55 пайызы насыя катары берилмек .

-Эми Аристин иши өз нугунда кетиши үчүн эмне жептейт, кандай негизги тоскоолдук турат?

-Байкоочу кеңеште Турдуназир Бекбоев деген төрагасы бар. Ошол киши “баягы 11 баланы жумушка албагыла” деп, оозеки кайрылып жаткан экен. Аталган 11 адам ишке кирбесе, каржылоодо дагы маселе жаралышы мүмкүн. Анткени алар бүт долбоорду иштеп чыгып, коррупция аралашпай тургандай шарт менен документтерди даярдашкан. Ал долбоорлордун ата-энеси десек болот. Андыктан, аларсыз иш дагы солгундайт. Бул жерде дагы кийлигишүүлөр болуп жатат. Кадр саясаты эң чоң маселе болууда.

Жогоруда негизги ишти алып барган 11 менеджердин ордуна кайра тендер жарыялаш керектигин айттыңыз. Эми алардын ишине да каршы чыгып жаткандар бар экен. Мындан улам долбоорлор ишке ашыруу кечеңдесе,  бул маселени толук жөнгө салууга ким түрткү боло алат же кайсыл органдын кийлигишүүсү зарыл?

-Болгону биздин Ак үй жана башка жогору жактагылар кийлигишпей, жаңы жетекчинин ишине аралшпай, ага миүмкүнчүлүк берсе, ал жигит ишти аягына чыгарат деген оюбуз бар.

Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM