Биз менен байланышыңыз

«Мектеп урап калса балдар окубай да калышы мүмкүн»

Айылдан сүйлөйбүз | 29 Ноя 2018 | 13764 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Кочкор районунуна караштуу Кара-Тоо айылынын тургундарынын Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өз демилгеси менен ишке ашырган долбоорлору тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Кара-Тоо айылынын тургуну Роза айым:

— Биздин айыл райондун 3 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аймакта 3 миңдей адам жашайт. Айылыбыз суунун жана токойдун жээгинде эң кооз жерде жайгашкан. Жаштар уюмунун жетекчилиги жакшы иштерди жасап жатат. Жаштар салымын кошуп, жарыктарды орнотуп, жолдорго жол көрсөткүч багыттарды коюшту. Айыл үчүн боз үй сатып алышты. Мындан сырткары кайрымдуулук иштерин уюштуруп жатышат. Кырсыктаган балдарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жардам берип келишет. Социалдык объектилерден айыл өкмөтү футболдук аянтча, жаш балдар үчүн аянтча салды.

Кыштакта жашагандыктан айыл чарбасына көбүрөөк көңүл бурсак деген ой болууда. Колунда каражаты жок болгондуктан жакыр үй-бүлөлөрдүн жерлери айдалбай калууда. Аларды үрөн менен камсыз кылсакпы, жер семирткич берсекпи? Айрым сугат жерлеге суу келбейт. Таза суу дагы жок. Ден соолук комитетинде иштеген киши катары араптар менен болгон долбоордун алкагында 80 түтүнгө суу чыгартып бердим. Бирок ал дагы көйгөйдү чечпейт экен. Мындан сырткары мектеп менен бала бакчага муктажбыз.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Бакыт Бешимбеков:

— Бизде Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өкмөт, жергиликтүү эл тарабынан да бир топ иштер жүрдү. Балдар үчүн муз аянтчасы курулду. Кышында коньки, жайында ролик тебе алышат. Жаштар жыл сайын демилге көтөрүп каражат чогултуп турабыз. Ал айылды өнүктүрүүгө жумшалат. Алсак, былтыр айылды жарыктандырдык. Андан сырткары айылга арка тургузулду. Эми жашылдандырууга көңүл бурсакпы деп турабыз. Мунун баары элдин салымы менен аткарылды. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата балдар аянтчасына караганда ишкана салышса жакшы болмок. Мектеп маселеси боюнча “2020-жылга чейин бүтө элек объектилер курулуп бүтмөйүнчө жаңы объекти салынбайт” деген жооп келди. Эртең мектептин үстү кулап калса балдар кайда окуйт? Анын үстүнө Нарын жергеси суук. Мектеп авария болуп калса балдар окубай да калышы мүмкүн. Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турган кезде таза сууга көп көңүл бөлүнгөн эле. Сүйлөшүүлөр болгон. Кочкордо 4-5 айылга таза суу кирмек, карталар дагы чийилген болчу. Бирок премьер-министр алмашканда бул иштер токтоп калды. Азыркы өкмөт башчы М.Абылгазиев президенттик шайлоонун алдында мектеп салып берүү убадасын берген. Бирок бүгүн жасай турган ою жоктой.

Айыл өкмөт башчысы Бурханбек Акишев:

— Кара-Тоо айылындагы мектеп маселесин чечкенбиз. Бирок трансформация маселеси татаалыраак болуп жатат. Документтердин баарын райондук комиссияга сунуштаганбыз. Таза суу оңойчулук менен чечилбейт. Чоң айылга суу түтүктөрүн орнотуу үчүн ири суммадагы каражат керек. Бирок аны бюджет көтөрө албайт. Суу маселеси канча аралыкта чечилерин айта албайм. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата бир топ иштер жасалды. Мисалы, азыр бир айылда тигүү цехин иштетип жатабыз. 10 жакыр үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылдык. Андан сырткары мейманкана, кафе, май куйуучу жай салынып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM