Биз менен байланышыңыз

Грузиядагы президенттик шайлоодо Зурабишвили алдыда келе жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 582 | 0

28-ноябрь күнү өткөн Грузиядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда Саломе Зурабишвили алдыда келе жатат. Мындай тыянакты экзитпол жана Борбордук шайлоо комитети алдын ала эсептөөлөргө таянып жарыялады.

Акыркы маалыматтарга ылайык жалпы добуштардын 31%ы эсептелгенде бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын колдоосу менен келе жаткан Зурабишвили 57% көпчүлүк добуш менен алдыда экени маалым болду. Ал эми бириккен оппозициялык кыймылдын өкүлү Григол Вашадзе 43%дык көрсөткүч менен артта калууда. Шайлоо участкаларынан чыгып бараткан шайлоочулардан алынган сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялаган экзитполдун берген корутундусу деле мындан айырмасы жок.

«Биз барыбыз бирдикте Грузиянын өнүгүүсүнө тоскоол болгон өтмүштөн сыйрылып, узактадык. Биздин тандоо-бейпил жана эркин Грузия. Мен мага добуш бербеген тараптар менен диалог кылууга даярмын. Биз кичинекей өлкөдө жашайбыз. Анын келечеги биздин ынтымагыбызда«,-деп билдирди Зурабишвили.

Ал эми Вашадзе: «Акыркы жыйынтыктар келгенге чейин күтөбүз. Анткени көпчүлүк шайлоочулар добуш берүүгө 17:00дөн кийин келишти»,-деди.

Ал арада бозгунда жүрүп оппозициялык талапкер Вашадзени катуу сүрөгөн мурунку президент Саакашвили интернет аркылуу грузиялыктарды нааразылык митингине чыгып, кезексиз парламенттик шайлоону талап кылууга чакырды. Ошондой эле өлкөнүн күч түзүмдөрүнө муну колдоону сунуштады.

Грузиянын Борбордук шайлоо комитетинин билдирүүсү боюнча саат 17:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 47%ды түзгөн. Акыркы жыйынтык бүгүн кечкиге белгилүү болору күтүлүүдө.

Эске салсак бул шайлоо Грузиядагы акыркы түз добуш берүү болуп саналат. Мындан ары 300 кишиден турган атайын делегат президентти 6 жылга шайлайт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM