Биз менен байланышыңыз

Максат Кыштобаев: «Азыр ырчы болуш оңой»

Бул жолку «Желе шоу» программабыздын коногу Максат Кыштобаев болду. Азыркы учурда ырчы болуш оңойго тураарын айтып, бирок легендарлуу ырчы болуш үчүн талыкпас эмгек керектигин белгиледи.

«Ооба азыр ырчылар көп. Себеби учурда ырчы болуш оңой болуп калбадыбы. Анткени өзүңдү социалдык тармактардан жарыялап бат эле элге таанылып алсаң болот. Бирок элге таанылгандан кийин сөзсүз түрдө эл оозунан түшпөй, атактуулугуң өчпөй сакталып калуу маанилүү. Анын сыңары легендарлуу ырчы болуп тарыхта калыш үчүн сөзсүз түрдө талыкпас эмгек, мээнет кетет. Ал үчүн сапаттуу клиптерди тарттырып жакшы обондуу ырларды жаздырыш керек.»-дейт ырчы мырза Максат Кыштобаев

Copyright © 2017 Maral FM