Биз менен байланышыңыз

Лукашенко: ЕАЭБ бирдиктүү энергия рыногун түзүүсү керек

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 598 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда Минск шаарында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБ өкмөт башчылары жана Беларусиянын президенти Александар Лукашенко менен жолугушту.

Жыйында Лукашенко өкмөт башчыларды тосуп алып, Евразия экономикалык биримдик түзүлгөнүнө төрт жыл болгонун белгиледи. Ошондой эле учурда жаралган маселелерге кылдат мамиле кылууга үндөдү. Буга кошумча ЕАЭБ  толук кандуу эркин экономикалык аймак болуусу үчүн аракет кылууга чакырды.

Эң негизгиси бирдиктүү энергия рыногун түзүү жана санариптик багытта бирдиктүү иш алып барууга чакырып өттү.

Белгилей кетсек, учурда Беларусиянын Минск шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтүп жатат.  Ага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев дагы катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM