Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Бишкек ЖЭБин жаңылоонун баасы боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 512 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоонун баасы боюнча билдирүү жасады. Анын жергиликтүү телеканалга берген маалыматтарын Fact-checking сайты текшерген.

Портал Атамбаев Өзбекстан, Тажикстан жылуулук электр борборун жаңылоонун баасы боюнча жалган маалымат бергенин, Казакстан боюнча реалдуу цифраларды айтканын билдирген.

Ошондой эле, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо эки эсе арзан жасалганы да чындыкка коошпой турганын жарыялаган.

Атамбаев Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо Казакстандагы эки объектини жаңылоо баасына караганда эки эсе арзан жасалганын белгилейт.

Экс-президент Борбор Азияда ЖЭБди реконструкциялоо 1 мВТ кубаттуулук үчүн 2,03 млн. долларды түзөт. Кыргызстан ЖЭБди 1 мВТ кубаттуулук үчүн 1,28 млн. долларга, аймактагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкциялаганын айткан.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин оңдоого Кытай 386 миллион доллар насыя берген. Былтыр январь айында жылуулук борбордо авария болуп, шаар тургундарынын көпчүлүгү бир жума бою жылуулуксуз калган.

Бул насыянын максаттуу пайдаланылышы тууралуу маселе көтөрүлүп, кылмыш иши козголгон. Анын негизинде учурда бир катар мурдагы жетекчилер камакта отурат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM