Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Муктаждардан кабар алганымды жарнамалоо ниетим жок болчу

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2018 | 1076 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Марал” радиосуна берген маегинде аталган мекемеде жумуш көп экенин, көйгөйлөрдүн баары менен таанышууга жетише электигин билдирди. Ал министрликтеги көйгөйлөр менен жакынкы аралыкта толук таанышып чыгарын айтат.

«Жергиликтүү башкармалыктарды кыдырып, маселелер менен жеринен тааныша албай жатам. Бошоп калсам эч кимге айтпай кыдырып келүү планым бар. Азыр ар бир күнүмдү эсептеп, убакытка кызганып отурам. Президент да, өкмөт башчы да мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан «аманатты» өз ээлерине жеткирип берүү маселесин приоритеттүү багыт катары койгон. Кандай тобокелчиликтер бар изилдеп, толук автоматташтыруу, тобокелчиликтерди жоюунун үстүндө иштеп жатабыз», — дейт Кочкоров.

Ал буга кошумча жардамга муктаждардан кабар алып жүргөндө тартылган сүрөтү социалдык тармактарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен эмес, башкалар тарабынан жарыяланып кеткенин белгиледи.

«Министр болгон күндүн эртеси жаңы конушка барганымдын себеби Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдардын жөлөк пул алгандар тууралуу презентациясы болмок экен. Парламентке чыкканга чейин маалыматтар менен таанышып алсаңыз дешкенинен улам аз камсыз үй-бүлөлөрдөн кабар алганы баргам. Мени менен кошо бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү болгон. Аны жарнама кылуу ниетим жок болчу. Сүрөт башкалар тарабынан чыгып кетти», — дейт Кочкоров.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетке Кочкоровдун жардамга муктаж адамдардан кабар алып жүргөн жериндеги сүрөтү тараган. Ал ишин жарнамалап жатат деп сындагандар да болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM