Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтындын» төрага орун басары дайындалды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 1001 | 0

Мурадил Жумадилде уулу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.

Мурадил Жумадилде уулу экономика, финансы жана инвестициялар боюнча тармакты тейлеп,  “Центерра Голд” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү болот.

Ал буга чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрага орун басары, “Кыргызтелеком” ишканасынын вице-президенти болуп иштеген.

“Кыргызалтындын” төрага орун басары болуп буга чейин Бектур Сагынов иштеген. Ал ноябрдын башында иштен алынган.

Белгилей кетсек, “Центерра Голд” ишканасынын директорлор кеңешинде жалпы 11 адам бар.

Copyright © 2017 Maral FM