Биз менен байланышыңыз

Алия Асанбаева: Жеке коопсуздугумду ойлоп жумушка чыга албай жатам

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2018 | 699 | 0

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева «Маралга» жеке коопсуздугунан улам жумушка чыга албай жатканын билдирди.

«Пара алган поезддин начальниктери иштеп жүрөт. Ал эми мен үйдө отурам. Жетекчи менин коопсуздугума жооп бере албай турганын айтып кол коюп берген. Анан мен кантип коркпой жумушка чыгам? Эртеңкү күнү мага бир нерсе болсо ким жооп берет?», — дейт Асанбаева.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын директорунун орун басары Кубан Асанбеков “Марал” радиосуна берген маегинде Алия Асанбаеванын коопсуздугуна жооп бере турганын айтып ишендирди.

«Алия Асанбаева коррупциялык көрүнүштүн бетин ачууга жардамчы болду. Анын кайрылуусу боюнча Финпол иш жүргүзүп жатат. Мекеме жыйынтыгын чыгарса Асанбаева жеңишке жетет. Ишке чыкса анын коопсуздугуна албетте жооп берем», — дейт Асанбеков.

Эске салсак, ушул жылдын август айында Алия Асанбаева «Кыргыз темир жолу» ишканасында коррупциялык иштер бар экенин айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Асанбаева 2007-жылдан бери алыскы каттамга чыккан коштоочу болуп иштейт. Анын айтымында, поезддин начальниги адамдарды билети жок салып кетип, анын айынан төрт айда мамлекет 3 миллион сом зыян тарткан.

«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы мыйзам бузуулар аныкталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM