Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы мыйзам бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 932 | 0

Коопсуздук Кеңеши «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкери Алия Асанбаеванын кайрылуусун кароонун жыйынтыктарын чыгарып, анда мыйзам бузуулар болгонун аныктады.

Буга чейин Алия Асанбаева “Бишкек-Москва”, “Бишкек-Новокузнецк-Бишкек” жана “Бишкек-Казань-Бишкек” каттамдары боюнча билети жок жүргүнчүлөр ташылганы тууралуу айтып чыккан.

Азыр бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенип жаткандыгы кабарланды.

Мындан тышкары, ушул сыяктуу фактылар боюнча Жазык кодексинин 173- беренесинин 1-бөлүгүндө (Алдоо же ишенимден ашкере пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү), 221-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин өз ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануусу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча Транспорт прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 5-сентябрында кылмыш иши козголгон.

Мындан аркы иликтөөнү уюштуруу ошондой эле финансы полициясынын бөлүкчөлөрүнө да тапшырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштерин натыйжалуу жана ыкчам иликтөө максатында ыкчам-тергөө топтору түзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча тергөө тарабынан бардык күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилет, ошондой эле кыска мөөнөттө материалдарын соттун кароосуна өткөрүү үчүн чаралар көрүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM