Биз менен байланышыңыз

Керчтеги кагылыш: Батыш Украинаны колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 836 | 0

Орусия менен Украинаны касташтырган Керч кысыгындагы жаңжалда Батыш Киевди колдоп чыкты. Евробиримдик, НАТО жана АКШ  Кремлден украиналык кемелерди кайтарып берүүсүн жана коңшу өлкөнүн деңиз жолун ээн-эркин колдонуусуна мүмкүнчүлүк таануусун талап кылышты.

Ал эми кечээ шашылыш жыйналган БУУнун Коопсуздук кеңеши эч кандай резолюция кабыл албастан таркады. Аны кезексиз жыйынга бири-бирин чагымчылдыкка күнөөлөп жаткан эки тарап тең чакырган. Кеңештин Казакстан, Орусия, Боливия жана Кытай сыяктуу төрт мүчөсүнүн колдоп добуш бергенине карабай жети мүчөсү Орусиянын арызына каршы, ал эми төртөө калыс  болуп, натыйжада арыз каралган жок.

Каршы добуш берген Америка, Англия, Франция жана Польша сыяктуу өлкөлөр кармалган кемелердеги 23 аскердин коопсуздугу, жараланган үч аскердин ден соолугуна тынчсызданып жатканын билдиришип, алардын токтоосуз Украинага кайтарылуусун талап кылышты. Алар Азов деңизин толугу менен Орусия көзөмөлгө алганын сындап, бул кадам Крымдын аннекцияланышынын уландысы деп баалашты.

Американын БУУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Никки Хейли бул окуя Москва тараптан Украинанын эгемендигине кол салган зордукчул аракет деп сыпаттады.

Буга карабай аталган Батыш өлкөлөрүнүн эч бирөөсү Орусияга каршы кандайдыр бир жаза чараларын көрүү тууралуу айткан жок.

Ал эми НАТОнун башчысы Йенс Столтенберг Украинанын президенти Петр Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алардын эгемендүүлүгү жана коопсуздугу үчүн дайым артында турарын билдирди.

Эске салсак, 25-ноябрь күнү Кара деңиз менен Азов деңизин бириктирип турган Керч кысыгында Орусиянын акваторийине кирип, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузду делип үч украиналык аскер кемеси күч колдонуп кармалган. Натыйжада кемелер жана үч аскер жеңил жаракат алышкан. Окуя өзгөчө Украина тарапты катуу дүрбөлөңгө түшүрүп, өлкөгө аскердик өзгөчө кырдаал киргизүү маселеси каралууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM