Биз менен байланышыңыз

Минск шаарында Айтматов атындагы парк ачылды

Кыска кабар , Сүрөт | 27 Ноя 2018 | 1886 | 0

Беларусиянын борбору Минск шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылды. Салтанаттуу иш чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Беларустун өкмөт башчысы Сергей Румас катышты.

Анда Сергей Румас беларусь эли улуу жазуучунун чыгармалары менен тарбия алганын, аны мындан ары дагы даңазалай турганын айтты. Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев борбор калаадагы чоң сейил бакка кыргыздын чыгаан жазуучусунун аты берилгени сыймык экенин айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ысымын ыйгаруу беларусь тараптын демилгеси менен ишке ашты. Парктын жалпы аянты 19,6 гектар. Анын 2,7 гектарын суу ээлейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM