Биз менен байланышыңыз

«Замандаш” ассоциациясына жаңы төрага дайындалды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 1010 | 0

«Замандаш” ассоциациясына жаңы төрага болуп Абдрасул Айдаров дайындалды. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти.

Ассоциациянын мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы жыйынында төрага алмашып, кызматка Абдрасул Айдаров келди. Айдаров 2003-жылдан бери ассоциацияга мүчө болуп келген жана демилгечилердин бири болгон.

Мекемени көп жылдар бою жетектеп келген Кадырбек Бусурманкулов ардактуу президент болуп калтырылган.

Белгилей кетсек, “Замандаш” ассоциациясы чет элдеги кыргыз мекендештердин биринчи ири бирикмеси болуп, миграция маселеси боюнча иш алып барат.

 

Copyright © 2017 Maral FM