Биз менен байланышыңыз

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстанга 24 млн доллар бөлүп берет

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 748 | 0

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 24 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Аталган каражаттын 12 млн доллары гранттык негизде, ал эми 12 млн доллары насыя катары берилет. Ал каражат 38 жылга берилип, алгачкы 6 жыл жеңилдик мөөнөтү болот. Андан соң 0,75 пайыздык негизде көбөйө баштайт.

Байгончоков бул каражат 2018-жылдын республикалык бюджетине карала тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM