Connect with us

«Курултайга бийликке ыктаган адамдар көбүрөөк келди»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 572 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде элдик курултай уюштурулбаганын себебин айтып берди.

«Элдик курултай өткөрүү үчүн акчабыз жок. Биз мурдагыдай болуп бир саясатчыга барып ага кор болбойлу деп элдик курултайдан баш тарттык. Мурда курултайларды Атамбаев, Бакиевдер каржылаган. Бир саясатчыга кул болбойлу дедик. Ачык эле сөз, биз акчабыздын жоктугунан элдик курултайдан кеттик», — дейт Жээнбеков.

Анын айтымында, эл кандайдыр бир деңгээлде оппозициялык маанайдагы саясатчыларды, иш-чараларды колдогонду үйрөнүшү керек.

«Мурдагы курултайларда провокациялар болгон. Ошондуктан катышуучулар боюнча алдын ала тизме даярдадык. Ошол себептен бийлик тараптын адамдары көбүрөөк келди. Бүгүнкү күндө оппозиция жок экенин моюнга алабыз», — дейт Жээнбеков.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM