Биз менен байланышыңыз

Украина Орусияга каршы согуш жарыялайбы?

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 483 | 0

25-ноябрда катталган Керчен булуңундагы кагылышуу Орусия менен Украинанын ортосундагы абалды андан бетер курчутуп салды. Азов деңизинин Керчен булуңунда Украинанын үч аскердик кемесин күч менен токтотуп, кармап кеткен орус атайын кызматынын кадамы Киевди олуттуу чечимдерди кабыл алууга түрткөнү айтылууда.

Кечээ окуя болгондон кийин Украина президенти Петр Порошенко жогорку макамдагы аскер башчыларды жабык эшик артына чогултуп, абалды талкуулаган. Ал эми бүгун, 26-ноябрда Жогорку Раданы жабык эшик артындагы жыйналышка топтоодо. Киев Москванын бул аракетин агрессивдүү, мыйзамга каршы келет деп баалады.

Ал арада Орусия тарап украин күчтөрүнүн Азов деңизиндеги орус акваторийине мыйзамсыз киргенин айыптап, өздөрү мыйзам чегинде коопсуздугун коргоого аракет кылышканын жарыялашты.

Канткен менен Украина бул окуядан кийин Орусияны жайына койбой тургандай көрүнүүдө. Себеби Киев бүгүн бардык күч түзүмдөрү, арасында деңиз күчтөрү да толук согуштук тартипке келтирилгенин кабарлады. Украинанын Мамлекеттик коопсуздук кеңеши өлкөгө эки айлык аскердик өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштоодо. Бүгүн бул маселени Жогорку Рада кароо үчүн чогулат.

Copyright © 2017 Maral FM