Connect with us

Жээнбеков: Атамбаевди камоого Орусия жол бербейт

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 602 | 0

Коомдук, саясий уюмдардын курултайы жалпы коом азырынча президентке каршы эмес экенин, анын ишине колдоо болуп жатканын көрсөттү. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, курултайга нааразы болуп жаткан адамдар реалдуулукту кабыл алышы зарыл.

«Мен да башкача курултай өткөргүм келет. Бирок көпчүлүк бар. Курултай добуш менен чечилген соң туура деп айтабыз. Эгер оппозиция көп болсо анда курултай башкача чечим кабыл алмак. Коом кандай болсо саясат да, саясатчылар да ошондой болот. Алар коомдун күзгүсү болуп эсептелет», — дейт Жээнбеков.

Саясатчы курултайда өлкөнүн социалдык, экономикалык багыты талкууланбай, экс-президент Алмазбек Атамбавге көп көңүл бөлүнгөнүн айтты.

«Атамбаевдин бийликтен кенкенине 1 жыл болду. Албетте, жазалагысы келсе мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартсын, күнөөсү бар болсо камасын. Ал биздин эмес бийликтин иши. Анткени укук коргоо органдары, прокуратура президенттин колунда. Ошолор чече берсин. Бир жылдан бери чечсе биз эмне кой деп жатабызбы? Атамбаевди узурпация, корупция боюнча камаса болорун биринчилердин болуп биз айтып чыкканбыз. Бир жылдан бери камалбаган соң Атамбаевди камоого укуктук негиз жок десек болот», — дейт Жээнбеков.

Бирок саясатчы бийликтин Атамбаевди камай албашына бир топ себептер бар экенин айтып, анын экөөнө токтолду.

«Атамбаевди камоого Орусия жол бербейт. Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбавдин колдоосу менен келди. Эми камачу болсо бийликтин моралдык устуну сынып калат. Курултай 90% Атамбаевди камап бер десе да азыркы бийлик аны камабай коюшу мүмкүн», — дейт саясатчы.

Эске салсак, 24-ноябрда Бишкекте саясий, коомдук уюмдар курултай өткөрүшүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык иши, азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине баа беришкен. Анын жыйынтыгында Атамбаевге укуктук баа берүү сунушу айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM