Биз менен байланышыңыз

Орус атайын кызматы Кара деңизде украиналык үч кемени кармашты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 598 | 0

25-ноябрь күнү Кара деңиздеги Орусияга таандык акваторий аркылуу өтүүгө аракет кылган украиналык үч аскердик чалгын кемеси кармалды. Бул тууралуу эки тараптын Коргоо министрликтеринен кабарлашты.

Орусия тараптын айтымында Украинанын аскердик кемелери тыюу салынган аймак менен жүрүп, алардын коопсуздугуна жана эгемендигине кол салуучу кадамга барганын айтышты. Ал эми Киевдин айтымында алар бул жол аркылуу өтөрү тууралуу  алдын ала орус тарапка эскерткен. Ага карабай атайын кызматтын кемелерге ок чыгарып, артынан барып сүзүп токтоткону эл аралык деңиз жолун колдонуу мыйзамдарына каршы келет.

Эки тараптуу келишим боюнча Кара деңиз менен Азов деңизинин кошулган жериндеги Керчень булуңун эки өлкө бирдей укукта колдоно алышат. Бирок акыркы кездери орус көзөмөлчүлөрү Украинанын Мариуполь портунан чыгып Одессага барчу кемелерди да, кайра артка кайткандарды да текшерүүгө алууну адат кылып алышкан. Бул боюнча Киев нааразылык билдирип, БУУга даттанган. Анын бул кадамын Европарламент да колдоп берген.

Эске салсак, 2014-жылы Крым Москва тарабынан аннекциялангандан бери аны чектеп турган Азов деңизи талашка түштү. Крым кимге таандык болсо Азов денизиндеги Керчень булуңу да ага карамак. Крымды өзүнө кошуп алган Кремль аны Орусиянын айрым облустары менен бириктирип турчу Керчень көпүрөсүн куруп койду. Бирок Киев бардык бул аракеттерди кабыл албай, четке кагып келет.

Copyright © 2017 Maral FM