Биз менен байланышыңыз

Балдарды гаджеттердин жардамында көзөмөлдөө зыяндуу

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 911 | 0

Ата-энелердин балдарын ар кандай санариптик технологиянын жардамында көзөмөлгө алуу аракети бала үчүн да, ата-эне үчүн да зыяндуу. Мындай пикирин Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин доценти Алексей Скворцов билдирди.

Окмуштуулардын айтымында акылдуу саат же телефондун жардамы менен ата-эне баласынын кайда жүргөнүн, эмнелерди сүйлөгөнүнө чейин көзөмөлдөй алат. Бирок бул балада өзүнө ишенбөө, толкундануу, кемсинүү сезимдерин күчөтөт. Ал үй бүлөдөгү улуулар ага ишенбей жатканын ойлойт.

Ал эми күтүүсүз байланыш үзүлүп, интернеттин же гаджеттин кубатынын өчүп калган убактарында ата-энеде негизсиз тынчсыздануу, коркуу сезимдери күчөп, стресске алып келет.

Ошондуктан балага жоопкерчиликтүү болууну мындай ыкма менен үйрөтүүгө аракет кылуу тескери жыйынтыгын берүүсү толук ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM