Биз менен байланышыңыз

2021-жылы технология дүйнөсүндө эмне күтүлөт?

Блог , Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 1097 | 0

Кээ бир ченемдик укуктук актылар киргизилгенден кийин техникалык гиганттар үчүн келе жаткан жыл татаал болушу мүмкүн.

Себеби Европа жана АКШ чиновниктери «Google», «Facebook», «Amazon», «Apple» сыяктуу компаниялардын бийлигин атаандаштык жана башкаруу механизмдери аркылуу кыса баштады.

Ири технологиялык компанияларга чектөөлөр

2020-жылдын акыркы апталарында «Google», «Facebook», «Amazon» жана «Apple» сыяктуу компаниялардын асманын кара булут каптай баштады.

Декабрдын башында АКШ федералдык күчтөрү жана 45 штаттын прокурорлору «Facebook» компаниясына «атаандаштарын сатып алуу жана атаандаштыкты чектөө максатында мыйзамсыз иштерге барган» деген айып коюшкан.

Буга удаа эле Европа Комиссиясы ири технологиялык компанияларды жөнгө салган жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Мындан улам Улуу Британияда Атаандаштыкты жана рынокту жөнгө салуу институту аталган компанияларга санкцияларды киргизүү механизмин түздү.

Жогоруда аталган компаниялар АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин буга байланыштуу пикирин чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Байден буга чейин ири технологиялык компанияларды, анын ичинде «Facebookту» сынга алган. Мындан тышкары аталган компаниялар тарабынан монополияларды орнотууга каршы болгондордун саны күн санап өсүүдө.

Электр схемасы

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен аэрокосмостук өнөр жай өтө оор жоготууларды баштан өткөрдү. Ошол эле учурда эки тармак тең изилдөө жана иштеп чыгуу демилгесин көтөрүүдө.

Сентябрда «Airbus» үч жаңы суутек дизайны менен тааныштырды. Кийинки жылы компания Германия, Франция, Испания жана Италия сыяктуу өлкөлөр менен учкучсуз учуучу аппараттарды жасап чыгуу боюнча келишимдерге кол коёт.

«Rolls-Royce» 2021-жылы электр учагын тааныштырат. Компания бул учакты ылдамдык рекордун жаңырткан биринчи электр учагы кылууну максат кылат.

Чекене революция

Өткөн жыл көптөгөн чекене компаниялар үчүн да оор болду. Пандемиядан улам адамдар интернет дүкөндөрү аркылуу соода кылууну көбүрөөк тандап жатышат.

2021-жылы чекене соода тармагында бир топ өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мисалы, «Amazon» келерки жылы алган каражатынын акчасын бөлүп төлөөгө боло турган дүкөндөрдүн санын көбөйтүүнү пландап жатат. Учурда АКШда 20 дүкөн бар жана 2021-жылы Улуу Британияда ушундай дүкөндөрдүн ачылышы күтүлүүдө деген маалыматтар айтылууда. Бул жаңыланууда адамдардын сатып алганы акылдуу камера жана жасалма интеллекттин жардамы менен аныкталып, эсеп кардардын үйүнө жөнөтүлөт.

Үйдө иштөө технологиялары

Кийинки жылы да көптөгөн компаниялар үйдөн чыкпай бизнес тутумун улантышы мүмкүн.

Мисалы, «Dropbox» жана «Twitter» бардык кызматкерлери үйдө иштей тургандыгын жарыялады. «Microsoft» жана «Facebook» да ушул ыкмага өтөрүн маалымдашты.

Бул жаңы аянтча өз кезегинде технологиялык компаниялар үчүн пайда алып келет. Айрыкча коопсуздук кызматы жакшы киреше табышы мүмкүн. Үйдөн чыкпай иштөөгө мүмкүнчүлүк берген компаниялар үчүн Интернетке туташуудан баштап, маалыматты сактоого чейинки коопсуздук маселелери өтө маанилүү.

Мындан тышкары кызматкерлердин ортосундагы байланышты камсыз кылган программага суроо-талап өсүүдө. Мисалы, акыркы учурда «Miro» жана «Mural» сыяктуу программаларга муктаждык көбөйүп жатат. «Mural» ушул жылы миллиондон ашуун активдүү колдонуучу топтоду. Бул программалардын жардамы менен кесиптештер жалпы долбоордун үстүндө биргелешип иштей алышат.

Айдоочусуз унаалар

АКШнын Феникс шаарында «Waymo» компаниясынын 300дөй айдоочусу жок унаасы бар.

Алфавиттин колдоосу астында автономдуу унаа тармагында тездик менен өсүп келе жаткан «Waymo» эми кызматын Феникстин чегинен тышкары жайылтууну пландаштырууда.

«Waymo» компаниясынын атаандашы жана «General Motors» компаниясына таандык «Cruise» да Сан-Францискодо айдоочусуз унааларды сынап жатат. Октябрь айында тестирлөөгө бекитилген «Cruise» «Waymo» сыяктуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө өтүүнү максат кылат. Идея качан ишке ашары азырынча белгисиз.

«Lyft» өз тажрыйбасын Сан-Францискодо да өткөрүп жатат.

Ошол эле учурда «Uber» айдоочусуз унаа иштеп чыгуу планынан баш тартты. Компания бул багыттагы долбоорун «Amazon» колдогон «Aurora Technologies» компаниясына сатып, кызматын такси жана азык-түлүк жеткирүүгө багыттады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM