Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда төрөлгөн боксчу дүйнө чемпиондугун коргоп калды

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 645 | 0

Чүйдүн Токмок шаарында төрөлүп-өскөн орусиялык боксчу Дмитрий Бивол орточо салмак ченинде Дүйнөлүк бокс уюмунун (WBA) версиясы боюнча чемпиондугун коргоду.

Американын Атлантик-Сити шаарында өткөн беттеште Бивол канадалык мушкер Жан Паскал менен беттешип, жалпы жыйынтыкта 117-111, 119-109, 119-109 айырмада калыстардын чечими менен жеңишке жетишти. Ал нокаут кылбаса дагы бул меттештеги көрсөткөн жыйынтыгына ыраазы экенин билдирди.

27 жаштагы спортчу буга чейин чемпиондук курун эки ирет коргогон. Профессионал бокстагы бардык 15 беттешинде 11 жолу нокаут менен жеңишке жетишип, бир дагы женилүүгө учурай элек. Ал эми анын атаандашы Жан Паскал өзүнүн карьерасында 33 жолу жеңип жана 6 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM