Биз менен байланышыңыз

Курултай президенттердин ишин баалады

Саясат | 25 Ноя 2018 | 563 | 0

24-ноябрда Бишкекте курултай өтүп, анда президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине “канааттандырарлык”, экс-президент Алмазбек Атамбаевге «канааттандырарлык эмес» деген баа берилди.

Бишкекте Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» деген аталышта өттү. Ага бийлик, оппозициянын өкүлдөрү жана аймактардан келген делегаттар катышты. Жыйында төрт адам баяндама жасады.

Бул курултайга президенттин аппаратынын жетекчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты. Анда ал мамлекет башчынын куттуктоосун жеткирип, курултай өтө маанилүү иш-чара экендигин белгиледи.

-Сооронбай Жээнбеков коомдогу саясий жана жарандык коом, мекенчил жарандар конструктивдүү кызматташа алса гана өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болорун дайыма белгилеп келет. Ал коомдун ар кайсы өкүлдөрү менен кызматташууга даяр. Президент коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы көрүүдөсүңөр. 

Ошондой эле Кененбаев курултайда айтылган ойлор, сын пикирлер мамлекет башчыга жеткирилерин, алар тыкыр каралып жооп берилерин айтты.

Андан соң саясатчы Азимбек Бекназаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишмердүүлүгү жана аракеттеги мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине карата баяндама жасады.

Ал баяндамасында, Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин таасиринен чыкканын, өз алдынча кеткенин белгиледи. Кыска убакыт ичинде Конституциялык реформаларга барышы керектигин эскертип, мурунку президенттер өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн 8 жолу реформа жасаганын кошумчалады.

Сооронбай  Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен кызматка дайындалды. Мурунку бийликтин колдоосу менен келген кишинин иштеп кетүүсүнө убакыт керек. Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен биротоло айрылды. Буга ишенгениме 5 күн болду. Сооронбай Жээнбеков эми бийликтин ар бир бутагы өзүнүн функциясын толук аткара турган кылып, жоопкерчиликти да өзү ала тургандай шарт түзүүсү керек. Ал үчүн бийликтин ээси болгон элден  башкаруунун кайсы түрүн тандаарын билип алуусу керек. Эгер президенттикти жактырса, анда АКШдай болуп президент баардык жоопкерчиликти өзүнө ала турган болот. А парламенттик башкарууга өтөбүз десе, Европадай болуп, негизги башкаруу парламентте болот да, өзү символикалык президент болуп калат.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Алмазбек Атамбаевге бийликти узурпациялаганы үчүн саясий жана укуктук баа берилиши керектигин билдирди. Ал эл арасында Атамбаев бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергендиги айтылып келе жатканын, бирок андагы көмүскө максат ачыкка чыканын белгиледи.

-Президент Сооронбай Жээнбеков массалык маалымат каражатына берген маегинде “Мени үчүнчү кишилер аркылуу жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин ишимди башкарып тургусу келгени, адам катары да, экс-президент катары да ага абийир алып келбейт.,”-деди. Ошентип Атамбаев түзгөн бийликтин түпкү максаттары айдан ачык көрүнүп калды.  Экс-президент бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берген» деп мактоо негизсиз. Баш мыйзамдын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш. Бул мыйзамга таянуу менен Алмазбек Атамбаевдин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуш кыламын.

Ал эми Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков курултайда бийлик бутактарынын салмактуулугу боюнча доклад жасады.

Ал бүгүнкү курултай башка маанайда өтүп жатканын, мурун курултай коркуу менен өткөрүлүп келгенин айтты. Ошону менен бирге Кыргызстанда чогулуш эркиндиги пайда болгонун, эми бул эркиндикти эч кимге бербеш керектигин белгиледи.

-Өткөн жылы Кореянын президентине парламенти импичмент жарыялады. Ал эми Кыргызстанда ошондой парламент барбы? Сурап келсен жооп жок. Анткени Кыргызстанда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталган эмес. Азыркы президент бийлик бутактарынын салмактуулугун түзүп бербесе мурунку жетекчилердин тагдыры кайталанып калышы мүкүн.

Жыйында 4 теманын негизинде кайрылуу болгон соң, аймактардан да келген делегаттар да сөз сүйлөштү.  Андан кийин курултайда президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине “канааттандырарлык”, экс-президент Алмазбек Атамбаевге «канааттандырарлык эмес» деген баа берилди. Ага карата катчылыктын атайын чечими да кабыл алынды. Чечимде Атамбаевдин кол тийбестиги алынсын деген сунуш, Жогорку Кеңештин ишине «канааттандырарлык эмес» деген баа берилгени жана саясий куугунтукка алынган саясатчылардын иштерин кайра кароо сунушу жазылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM