Биз менен байланышыңыз

Алепподогу жардыруудан кеминде 75 киши ууланды

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 606 | 0

Сириянын Алеппо шаарына террористтер жасаган жардыруу уулуу зат жайылтканы маалым болду. Анткени жардыруудан түздөн-түз жабыркагандар болбогон менен, бир нече убакыттан кийин ондогон жарандар ооруканага кайрылышкан. Натыйжада алардын бары бир нерседен ууланганы маалым болду.

Жардырууга жакын жердеги жашоочулар окуядан бир нече сааттан кийин өздөрүн жаман сезип, дем алуусу кыйындаганын айтышкан. Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгендердин саны 75ке чыкты. Алардын барында бирдей белгилер бар: көздөрүнөн жаш агып, дем алуусу оордоп калган.

Жабыркагандардын барына медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө турушканын аймактык оорукананын жетекчиси Шарван Шехо маалымдады.

Эске салсак, кечээ Алеппого террордук топ тарабынан жардыруу уюштурулуп, ал уулуу зат таркатканы тууралуу кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM