Биз менен байланышыңыз

С.Каримованын ордуна Н.Каримов жетекчи болду

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 1143 | 0

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп 39 жаштагы Нурлан Каримов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Топчубай Досбаев маалымдады.

Анын айтымында окуу жайдын коллективине Каримовду Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзү тааныштырды.

Нурлан Каримов буга чейин Ош шаардык маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. Ал окуу жайдын жетекчилигине конкурс аркылуу шайланды.

Эске салсак, Бул кызматка буга чейин эстрада ырчысы Самара Каримова дайындалып, коомчулуктун сынына кабылып, эки күндөн кийин кайра кызматтан алынган. Муну министр Азамат Жаманкулов Каримованы кызматка дайындоодогу мыйзамдуулук сакталбай калуусу менен түшүндүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM