Биз менен байланышыңыз

Пиза мунарасы түздөлө баштады

Дүйнө | 24 Ноя 2018 | 1179 | 0

Италиядагы “кулап жаткандай” көрүгөн Пиза мунарасынын ийилүүсү мурдагыдан азайганы байкалган. Бул боюнча эксперттердин пикирине таянып дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Эсперттердин айтымында акыркы 20 жылдын ичинде реставрациялык иштердин натыйжасында 57 метрдик мунара 4сантимерге түздөлгөн.

Профессор Сальваторе Сеттис: “мунара эки кылымга жашаргандай”,-деп сыпаттаган.

Мунаранын түздөлө баштаганын туристтер да байкаган. Жаңы формасы менен да сүрөткө түшүп соцтармактарга жарыялашууда.

Маалыматка ылайык, “кулайын” деп турган мунараны 800 жылдан бери биринчи жолу  1990-жылы туристтер үчүн зыярат кылуу үчүн жаап коюшкан. Анткени коркунуч жаралган. Ал учурда мунара вертикалдык турушунан 4,5 метрге кыйшайып турган.

Мунараны сактап калуу иштери 1993-жылдан 2001-эжылга чейин жүргөн. Жыйынтыгында 45 см түздөшкөн. Ага 250 млн доллар коротушкан.

1173-жылы курулган мунара 5 жылдан кийин кулай баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM