Биз менен байланышыңыз

Интернет ылдамдыгы боюнча Тажикстан эң артта

Дүйнө | 24 Ноя 2018 | 702 | 0

Интернеттин ылдамдыгы боюнча Тажикстан 124 өлкөнүн ичинен эң төмөнкү орунга ээ болду. Мындай рейтингди Speedtest Global Index  чыгарды. Тажикстан менен катар Афганистан, Ирак, Алжир жана Венесуэлла турат. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 74-орунда, Кыргызстан 94-орун жана Өзбекстан 110-орунда турат.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын интернет колдонуучулары интернеттин ылдамдыгы төмөн экенин айтып, кээ бир сайттарга кирүүгө уруксат жок экенин билдирип келишкен. Эки жума мурда Facebook, Одноклассники жана Youtube каналдарына кирүүгө бөгөт коюлган. Ошондой эле өкмөт Viber, What’s App жана Telegram кирүүгө чектөө койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM