Биз менен байланышыңыз

Прокурордун өлүмүнө шектүү жаран кыйноого кабылды

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 1062 | 0

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектелип камалган облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси М.К. милиционер жана прокурорлор тарабынан кыйноого кабылганын айтты. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, ага жамааттык түрдө Баткен шаарынын тургундары кайрылышкан. Алар 500дөн ашуун кол топтоп алып барышкан. “Арызда шектүү жарандын өлүм болордон бир күн мурда апасына тоого барып келерин айтканы жазылган. Эртеси күнү М.К.нын унаасында облустун прокурору жана анын орун басарлары болгон. Ал үйгө келгенден кийин артынан прокуратуранын 4 кызматкери келип, «Мамажакыпов кайда?» деп такып сурап туруп алышкан. Шектүү билбей турганын айткан. Аны зордоп ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.

Ал жерде аны түнү ур-токмокко алып, керектүү болгон түшүндүрмө катын жаздырып алышкан. Ошондой эле кыйноого алганын ырастап берчү күбөлөр бар экендиги айтылат. Шектүү адамга милиция кызматкерлери жактоочуну киргизишкен эмес. Коргоочулардын бири облустук прокуратурага кайрылганда, милицияларга байланыштуу арызын 1-жолкусунда кабыл алышкан эмес”, — деди Сулайманов.

Улуттук борбордун кызматкерлери шектүүнү Ош шаарындагы 5-убактылуу кармоочу жайга барып көрүп келишти. Ал өзүн кыйнаган прокуратура жана милиция кызматкерлеринин аты-жөнүн билбей турганын, бирок тааный ала турганын билдирген. Аны башына баклашка менен уруп, тумчуктуруп, денесинин ар кайсы жерине ургандыгын айткан.

Аталган борбор шектүүнүн коопсуздугу үчүн күн сайын убактылуу кармоочу жайга барып турууну көздөйт. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдон бул ишти өз көзөмөлүнө алышын өтүнөт.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM