Биз менен байланышыңыз

Окуучуну сабаган кыз буга чейин 2 жолу соттолгон

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 1138 | 0

Интернетке тараган видеодо бети канап, тепкиге алынган кыз Ош шаарынын мектептеринин биринде окуган 11-класстын окуучусу экендиги аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

21-ноябрда болжол менен саат 11.00 чамасында болгон. Ал кызды урган Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2002-жылы туулган жашоочусу.

Бул кыз алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча уурулук жана бейбаштык боюнча соттолгон. Учурда дагы бир уурулук боюнча иши Кара-Суу райондук ИИБи тарабынан каралып жаткан. Апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Эч жерде окубайт жана иштебейт.

Эки кыздын мушташын отуз-адырлык кыздын курбусу видеого тарткан. Ал 17 жашта, Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда жашайт. Энеси жалгыз бой өстүргөн. Ал милицияга берген көрсөтмөсүндө 15 жашынан медреседе окуп, аппендицит болуп калгандыгына байланыштуу окуусун таштап койгонун айткан.

Алар 18-ноябрдан баштап Инстаграм аркылуу байланышып, бири-бирине акаарат сөздѳрдү айтышып, урушуп кетишкен. Бири-бирин интернет аркылуу фейк аттары аркылуу гана таанышкан.

Кийин алар жанжалдарын чечүү максатында Ош шаарынын «Космонавттар» эс алуу багында 21-ноябрда саат 11.00 чамаларында жолугушуп, уруша кетишет. Андан соң эс алуу паркынан алыс эмес, жеке турак үйлѳр тарапка барышып, жаңжалдарын улантышкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна жѳнѳткѳн.

Учурда тараптар бири-бирине арыз жазуудан баш тартышууда. Окуя териштирилип, күбѳлѳр жана тараптардын туугандары, педагогдор суралууда.

Copyright © 2017 Maral FM