Биз менен байланышыңыз

Тынч океандагы жапайы урууга барган миссионердин күндөлүгү табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 750 | 0

Тынч океандагы сырткы дүйнө менен такыр байланышы жок Андаман жана Никобар аралдарынын бир бөлүгү болгон Түндүк Сентинел жапайы аралына барып, жергиликтүүлөр тарабынан өлтүрүлгөн америкалык миссионер Жон Аллендин күндөлүгү табылды.  Анда ал көз жумардан бир сааттай мурун ата-энесине жазган катынын кээ бир жерлерин апасы журналисттерге көрсөттү.

26 жаштагы Жон Аллен аралга «Исаны таанытуу үчүн» барганын жазган. Аралга жетүү үчүн кайыкчыга акча берген. Бирок, сырттан уруксаты жок келген зыяратчыларга каршы болгон уруу мүчөлөрү ага жаа сыяктуу куралдары менен кол салууга аракет кылышканда качып, кайра барган. Алар менен такыр түшунүшө албай, чыгарган үндөрүн туурай бергенин билдирет. Аборигендер аны жек көрүп жатышканын жана мунун айынан набыт болору ыктымал экенин да жазган.

Ата-энесинен, эгер каза болсо арал ээлерине жана Кудайга нааразы болбоолорун өтүнгөн. Мунун баары Исаны таанытууга татый турганын белгилеген.

Эске салсак, ушул аптанын башында Тынч Океандагы жапайы аралдардын биринен америкалык жигиттин жаа огунан каза болгону жарыяланган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM