Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев иш сапары менен Талас облусуна барат

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 1011 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.

Сапардын жүрүшүндө аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.

Анын ичинде Бакай-Ата районундагы «Нур»  көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Добо айылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.

Абылгазиев мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.

Эске салсак, 25-октябрда парламент депутаты Рыскелди Момбеков Таласта төө буурчактын баасы төмөндөп кеткенин, өкмөт башчы бул жагдайга көңүл бурбай жатканына нааразы болуп, ал Таласка акыркы жолу 2 жыл мурун барганын айткан.

Жакында президент Таласка барганда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылып, 25 мамлекеттин өкүлдөрү келгенде өзүм сурагам, алар төө буурчактын баасын 40-60 сомдон алабыз деп айтышкан. Бирок учурда 25 сомго түшүп кетти. Президент картошканын баасы боюнча маалымат алды, өкмөт башчы эмне үчүн төө буурчактын баасына көңүл бөлбөйт?

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM