Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.
Сапардын жүрүшүндө аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.
Анын ичинде Бакай-Ата районундагы «Нур» көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Добо айылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.
Абылгазиев мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.
Эске салсак, 25-октябрда парламент депутаты Рыскелди Момбеков Таласта төө буурчактын баасы төмөндөп кеткенин, өкмөт башчы бул жагдайга көңүл бурбай жатканына нааразы болуп, ал Таласка акыркы жолу 2 жыл мурун барганын айткан.
—Жакында президент Таласка барганда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылып, 25 мамлекеттин өкүлдөрү келгенде өзүм сурагам, алар төө буурчактын баасын 40-60 сомдон алабыз деп айтышкан. Бирок учурда 25 сомго түшүп кетти. Президент картошканын баасы боюнча маалымат алды, өкмөт башчы эмне үчүн төө буурчактын баасына көңүл бөлбөйт?