Биз менен байланышыңыз

«Унаа токтотуучу жайларды муниципалдык менчикке өткөрүш керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2018 | 721 | 0

Эгерде унаа токтотуучу жайлар муницпиалдык менчикке өткөрүлсө шаардык бюджетке көп кирише түшөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын унаа токтотуучу жайлар жана муниципалдык базарлар башкармалыгынын бөлүм башчасы Мухаммед Токтомушев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Шопоков көчөсүн бойлой Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жердеги унаа токтотуучу жайды жеке ишкер ижарага алган. Ал шаардык бюджетке жылына 2 млн 200 миң төгөт. Эгер унаа токтотуучу жайды бизге берилсе калаа казынасына көбүрөөк киреше түшмөк. Ошондой эле бир топ жаран жумуш менен камсыз болуп, патент төлөмөкпүз. Мурда унаа токтотуучу жайлар биздин карамагыбызда болуп турганда бюджетке жылына 18 млн сом чогултчубуз. Азыр биз иштетип жаткан унаа токтотуучу жайларды ачпай туруп эле сатып жиберишет», — дейт Токтомушев.

Маалыматка ылайык, базарлардагы күндүзгү унаа токтотуучу жайларды пайдалангандардан 25 сомдон алынат. Ал эми шаардагы соода борборлордун айланасына токтогон унаалардан бюджетке эч кандай киреше түшпөйт.

Токтомушев буга кошумча, бүгүнкү күндө унаа токтотуучу жайлардын көп жерине турак жай курулуп калганын да айтып өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM