Биз менен байланышыңыз

Кылычбек Султан: Атамбаевди, Текебаевди, Исаковду эч качан сатпайм

Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 1308 | 0

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан «Марал» радиосуна берген маегинде мурда бирге иштешип, дос болуп жүргөндөр кызматтан кеткенден кийин жоголуп кеткени ызалантканын айтты.

«Бирге иштегендер сатып кетти. Ошондуктан эгер экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеткен кылмышкер болгону далилденсе да мен ал маалыматка өзүм ишенбесем, сатпайм. Ошол эле «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду дагы эч качан сатпайм. Бирок мени саткандарды көрүп жатабыз. Аман болсок, жалаалардын баары күч берет»,-дейт Кылычбек Султан.

Анын пикиринде, мамлекеттик кызматта иштеп, өлкөгө пайда келтирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Себеби мамлкеттик кызматкер ролду башкарууга түз таасир этет.

«Бийликтин реабилитация кылганы жакшы. Анткени оюмду эртерээк ишке ашырмакмын»,-дейт Кылычбек Султан.

Кошумчалай кетсек, Кылычбек Султан учурда Кыргызстанда. Ал 24-ноябрда өтө турчу курултайга катышат.

Copyright © 2017 Maral FM