Саясий-коомдук күчтөрдүн курултайы 24-ноябрга белгиленген. Учурда даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.
24-ноябрда өтө турган курултайга 650 делегаттын катышары күтүлүп жатат. Анын ичинен 250 саясий партиялар, калган 150 орун коомдук уюмдарга берилген. Бул делегаттар аймактардан чогулбайт. Бир гана Бишкек шаарындагылар келет.
Тизмеде саясий партиялардан «Аалам», «Таза коом», «Ата-Журт», «Замандаш», «Ата- Мекен», «Кыргызстан» жана башка партиялар бар. Алар курултайды өткөрүүгө кызыктар. Төрт саатка пландалган чогулуштун программасы менен курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Адиль Турдукулов тааныштырды.
—Курултай өтүп жатканда тартип толугу менен көзөмөлгө алынат. Ал жерде атайын бир топ болот. Трибунада 4 киши баяндама жасайт. Алар негизинен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишине баа беришет. Андан соң учурдагы президенттин жүргүзүп жаткан саясатынын бир жылдыгын чыгарабыз. Мындан тышкары парламентаризмди кандай өнүктүрүш керек деген дагы доклад болот. Соңунда катышуучулар тараптан дагы суроолор берилет.
Ошондой эле курултайга эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Эльмира Ибраимова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева жана мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун катышат.
Бул чоң масштабдагы иш-чараны өткөрүүгө аз эмес көлөмдөгү каражаттын кете турганы турган иш. Мындан улам коомчулукта курултайды өткөрүүгө кайсы бир саясатчынын демөөрчүлүк кылары да айтылып келген. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы аталып жатат. Бирок уюштуруу комитети иш-чараны өткөрүүгө ар бир партия 20 миң сомдон, ал эми коомдук уюмдар 10 миң сомго кейин каражат чогултканын Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саясатчы Азимбек Бекназаров айтты.
—Курултайды өткөрүүгө саясий-коомдук уюмдар өздөрү каражат чогултуп жатышат. Саясий партиялар 20 миң сом, коомдук уюмдар 10 миң сомго чейин. Мунун баары таза өзүбүздүн акча. Бизди эч ким каржылаган жок. Бийликтен болгону Кыргыз драм театрын алып бергенге гана таасири тийди. Башка эч кандай каржы жок.
Маселен, укук коргоочу Рита Карасартова 24-ноябрга 7 укук коргочуну алып барат. Бирок аларга бир дагы тыйын беген жокмун деди. Бир гана коомдук пикири бар мыктыларды тандагынан бизге маалымдады.
—Жалпысынан 600дөн ашык киши чогулат. Алардын баары квота-квота болуп бөлүнгөн. Ошону менен 50дөн ашык уюм келет. Алардын ичине коомдук уюмдар дагы кирет. Менде 6-7 укук коргоочунун чакыруусу бар. Мен аларды өтө тың, конкреттүү сунуш айта тургандарга берем. Алар үчүн бир дагы тыйын короткон жокмун.
Бул жолку курултай дал ушул жарандык коомдун катышып жаткан менен өзгөчөлөнүп турат. Ошонусу менен саясат талдоочулар бул ирээт курултай салмактуу болот дешүүдө. Себеби буга чейин кызыкчылыктардын кагылышынан өз максаттарына жеткен эмес. Эми болсо, курчуп бараткан акыбалды жөнгөп кетерине саясат таануучу Марс Сариев ишенет.
—Азыр бул курултайда бир гана саясий партиялар эмес жарандык коом дагы болот. Ошондуктан саясий акыбал курчуп жатканда мүмкүн позитивдүү маанайда өткөрүлөт. Себеби экс-президент менен учурдагы өлкө башчы тирешип жатканда ушундай чогулуштар керек. Буюрса, конструктивдүү өтөт деп ойлойм. Анткени бул ирээт жарандык коомдун катышып жатпайбы….
Аткен менен Кыргызстанда элдик курултай жөнүндө атайын мыйзам жок. Бир гана Баш мыйзамдын 52-беренесинде «Кыргызстандын жарандары мамлекеттик жана коомдук маанидеги маселе боюнча курултай өткөрүүгө акысы бар» деп гана жазылып калган. Ал эми аны өткөрүү тартибинин жоктугу, курултайдын башаламан болуп, кайсы бир топтордун кызыкчылыгына шарт түзүп берип калууда. Демек бул үчүн атайын мыйзам керектигин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев айтат.
—Баш мыйзамдын 52-беренеси бизге курултайдын негизги жобосун гана берип койгон. Ошонун негизинде Жогорку Кеңеш элдик курултай жөнүндө мыйзам кабыл алыш керек эле. Бирок депуттар иштеп чыккан жок. Эгерде мыйзам болсо, курултайды уюштуруудан баштап аны өткөрүү тартибине чейин бир эреже болмок. Бирок азыр андай жок. Баары башаламан.
Эскерте кетсек, бул чогулушка экс-президент Алмазбек Атамбаев жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков дагы чакырылган. Бирок учурда экс-президент катышпай турганын КСДП партиясынан билдиришти. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун барып-барбасы азырынча белгисиз. Анткен менен уюштуруучулар жок эле дегенде Президенттик аппараттан атайын өкүл келерин күтүүдө.