Биз менен байланышыңыз

Кылычбек Султан: Президенттин айланасындагылардын курмандыгы болдум

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 708 | 0

Президенттин айланасына чогулуп алгандардын курмандыгы болдум. Мындай пикирин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал 2016-жылы кабыл алынган Конституцияны өзгөртпөөгө салым кошконун айтат.

Мен ал жакта эшек такалаган жокмун. Ал жакта да коррупцияны изилдеп бул жагынан да пайда келтирип келе жатканмын, бирок президенттин айланасына чогулуп алган адамдардын курмандыгы болуп калдым.

Мурунку элчи мындан тышкары, мамлекеттик система сазга батып калганын, миллиондогон жарандар, жумушка жарамдуу адамдар чет жакта жүргөнүнө кейийт.

Мен айтып чыкпаганда терс көрүнүштөр улана бермек. Бирок мен айткан маалыматтардын баары УКМКда да, ТИМде да, президенттин аппаратында да бар нерсе болчу. Бирок Кылычбек Султанда да маселе бар, карайлы деп мага жалаа жаап коюшту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM