Биз менен байланышыңыз

«Каденованын окуясын ачыктаба деп телефон чалышты»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 514 | 0

«Зууракан Каденова учакта чыр чыгарып, ал жарыяланып кетпесе деле мен элчиликтеги маселелерди айтып чыкмакмын. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы чоң масштабдагы нерселер билине баштады. Ага байланыштуу кат жөнөтүп турган. Бирок жалпы коомчулукка айта алган эмес.

Себеби мен элчилик кызматтын этикасын билем. Кат жөнөткөн менен чечим чыкпай жатса ичимен түтөп УКМКга кайрылдым. Абдил Сегизбаев чара көргөндөй болду. Бирок бир айга жетпей ал да кызматтан кетти. Мен маалымат айтканда борбордо бут тосуулар болду. Бул адамдын кесибине бөгөт коюуга болорун билип мени Бишкекке жолотпоо аракетин жасашты.

Мурунку элчи мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтер боюнча айтканы мамлекеттик сыр эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө маанилүү нерсе болчу дейт.

Ал муну менен катар, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденованын чырын коомго айтпай коюу боюнча аппараттан чалуу болгонун айтты. Мындай тапшырманы берген адам катардагы кызматкер, анын атын атаса жабыркап калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Эске салсак, 22-сентябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас болуп кирип чаң салганын алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Ушул эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги бул окуяны тастыктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM