Биз менен байланышыңыз

Кылычбек Султан: Президент мени коргойт деп ишенем

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 510 | 0

Коргоодо жүргөнүмө ишенем. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал мамлекеттик системадагы кемчиликти айтканы үчүн президент кайсы бир денгээлде аны коргоого тапшырма берди деп ишенет.

Ошондой эле, дарегине айтылып жаткан каралоолор тууралуу айтып, жалданма пикир жаратуу аферага барабар экенин, каралоолордон улам көп стресс болгонун айтты.

Уйкусуз күндөр өттү. Көзүңдү ирмеп эмес чачыңды жулуп сүйлөсөң да коомго пайда келтирүү максатында чындыкты айтуу зарыл. Азыр үй-бүлөм келе элек. Өзүмдүн коопсуздугум боюнча айтсак, провокация абдан өнүккөн. Бийликке төңкөп коюу өнүккөн. Мамлекеттик системадагы кемчиликти айтканым үчүн президент кайсы бир денгээлде мени коргоого тапшырма берди деп ишенем.

Кыргызстандын Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан учурда Кыргызстанда. Ал 24-ноябрда өтө турчу курултайга катышат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM