Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстанга 12 миң эмгек мигранты кирген

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 642 | 0

Миграция мамлекеттик кызматы быйыл 12 миң чет өлкөлүк жаранга иштегени уруксат берген. Бул тууралуу аталган кызматтын статс-катчысы Нурлан Шерипов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 90 мамлекеттин жараны Кыргызстанда иштегени уруксат алышкан. Булардын арасында 75 пайызын Кытайдан келген жарандар түзөт.

Ошондой эле чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын көпчүлүгү өнөр жай жана жол тармагында иштешет. Жалпы мигранттардын 48 пайызы Бишкек шаарында эмгектенишет деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM