Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү! Кар жаайт

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 545 | 0

24-25-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Электр зымдарына суу кар жабышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM