Биз менен байланышыңыз

Ош мэриясы Сарыбашовдун орус жарандыгын алганын четке кагууда

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 682 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жарандыгын алган эмес. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, мэр 2002-жылы Новосибирск шаарында мигрант катары жүргөн. Бирок ал учурда Кыргызстандын гана жараны.

Эске салсак, депутат Ирина Карамушкина Таалайбек Сарыбашовдун Орусиянын жараны экенин, буга далилдери бар экендигин айтты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул маалыматтар иликтенерин кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM